Бишкектеги үч мектепти жаңыртууга тендер жарыяланды

09:11, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги үч мектепти модернизациялоого тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалдык имараттардын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында үч мектепти реконструкциялоо боюнча тендерге билдирмелерди кабыл алуу башталды.

Төмөн көмүртектүү муниципалдык имараттарды модернизациялоо боюнча пилоттук долбоор билим берүү мекемелеринин техникалык абалын түп тамырынан бери жакшыртууга жана алардын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган.

«Модернизациялоо окуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө гана эмес, жылытуу жана электр энергиясына кеткен шаардык бюджеттин чыгымдарын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Тендерге төмөнкү лоттор коюлган:

1-лот (№ 34 мектеп) — энергия натыйжалуулугун толук модернизациялоо, жылуулук насосторун жана энергия керектөөнү башкаруу тутумдарын орнотуу;

2-лот (№ 92 мектеп) — имараттын тышкы контурун изоляциялоо, кошумча курулушту реконструкциялоо жана жылуулукту рекуперациялоонун заманбап тутумдарын киргизүү;

3-лот (№ 16 мектеп) — техникалык тутумдарды жаңылоо, анын ичинде жарыктандырууну алмаштыруу, дубалдарды жана чердактын жапкычтарын изоляциялоо.

Катышуучулар билдирмелерди айрым лотторго да, үчөөнө тең да бере алышат.

Билдирмелер 22-майга чейин кабыл алынат.