Бишкекте апта башында жаан-чачын күтүлбөйт. 27-29-апрелге карата аба ырайы

09:00, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аптанын башында жаан жаабайт. Мындай алдын ала божомолду синоптиктер беришүүдө.

27-апрелде күн ачык болот. Түнкүсүн абанын температурасы +12 градуска чейин, күндүз +24 градуска чейин жылыйт.

28-апрелде күндүз бир аз булуттуу болот. Түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү +11 градусту көрсөтсө, күндүз +26 градус тегерегинде болушу күтүлөт.

29-апрелде аба ырайы олуттуу деле өзгөрбөйт. Түнкүсүн +12 градус, күндүз +27 градуска чейин ысыйт.