Кытайдын коргоо министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

08:00, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ал 28-апрелде Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышат.

Коргоо министрлиги. Кытайдын коргоо министри иш сапары менен Кыргызстанга келди
Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов тосуп алды