Быйыл Кыргызстанда 1 киловатт электр энергиясынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт

15:20, 24 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылы Кыргызстанда 1 киловатт электр энергиясынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт. Бул тууралуу «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директору Тимур Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, калк ар бир киловатт үчүн 1,37 сомдон тариф төлөйт.

«Бул өздүк нарктын 45,6 пайызын гана түзөт, калган сумма мамлекеттин мойнуна жүк болуп түшөт. Жыл сайын электр энергиясына болгон тариф 20-30 тыйынга жогорулайт. Социалдык лимит 700 киловатт электр энергиясын түзөт», — деп белгиледи Тимур Орозалиев.

Ал кошумчалагандай, энергетика тармагында жабдууларды жаңылоого жана сатып алууга каражат жетишсиз болууда.

«Ошондуктан, орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, жыл сайын электр энергиясынын тарифинин баасын жогорулатуу каралган», — деди Тимур Орозалиев.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков электр энергиясын керектөөнүн көбөйгөнүнө байланыштуу Энергетика министрлигин калк үчүн социалдык лимиттин өлчөмүн көбөйтүүгө чакырды.