14:25, 24 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 1 миң 192 ветеринар иштейт, алардын 60 пайызы пенсия курагындагы адамдар. Өлкөдөгү малдын жалпы санын эсепке алганда, дагы 2 миң 765 адис керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында белгилүү болду.
2018-жылдан бери Кыргызстанда ветеринарлар жеке жак катары кызмат көрсөтө башташкан. Депутаттар бул тармакка мамлекет жоопкерчиликти өзүнө алып, ар бир эки айылга кеминде бирден адисти бекитүүнү сунушташты.
Ветеринария, мал чарбасын, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматынын директорунун орун басары Ишенбек Алмамбетов билдиргендей, учурда мекеме ар бир айылда ветеринардык клиника болушу керек деген долбоорду иштеп чыгууда. Анын айтымында, ченемдик-укуктук актылар жана типтүү чакан клиникалардын эскиздери даярдалып жатат.
Эл өкүлдөрү ветеринария адистиктерине канча бюджеттик орун бөлүнөрүнө кызыгышты, бирок тийиштүү адистер так жооп бере алышкан жок.
Депутаттар эмгек акыны жогорулатуу жана социалдык колдоо гана бул тармакка жаш адистерди тартууга жардам берерин баса белгилешти.