Кореяда иштеп келген кыргызстандык жарандар бир жолку төлөмдөрдү алды

14:14, 24 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган Кыргызстандын жарандары кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 144 жаран кайрылган.

Анын ичинен 107 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен төлөндү, 37 жаран учурда чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 789 долларды түздү.