13:35, 24 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Таш түшүрүү иштери аба ырайынын шартына жараша, күндүзгү саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаа жолу жарым-жартылай жабылат.
Жол кыймылынын тартиби:
Бул иш-чаралар унаа жана темир жол каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.