12:10, 24 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бир үй-бүлөдө бир эле таракты колдонуу медициналык көз караштан алганда кооптуу болуп эсептелет. Бул микроорганизмдердин алмашуусуна алып келип, баштын терисинде сезгенүүнү, грибоктук жана паразиттик ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Газета.Ru» басылмасына берген маегинде дарыгер-трихолог Есения Гудова билдирди.
Адистин айтымында, таракта адамдын жеке микрофлорасы топтолот. Ал эми грибок жана биттин козгогучтары жеке гигиеналык буюмдарда сакталып, колдонуу учурунда башкага жугушу мүмкүн.
Дарыгер чач тараган учурда баштын терисинде микротравмалар (көзгө көрүнбөгөн чийиктер) пайда болорун, алар аркылуу бактериялар кирип, фолликулит жана дүүлүгүүнү жаратарын белгиледи. Дарыгер ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн өзүнүн жеке тарагы болушу керектигин, ошондой эле таракты дайыма тазалап жана мезгил-мезгили менен жаңысына алмаштырып туруу зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, бул процедураны такай колдонуу лейкоз жана мурун-жуткун рагынын өнүгүү коркунучун жогорулатат. Жовтан айым ботокстун пайдасына караганда зыяны көп экенин баса белгиледи.