11:06, 24 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда тилемчиликке каршы чаралар күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, коомдук тартипке терс таасирин жоюу, жолдордо тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аялуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган:
1) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине:
2) Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга:
тилемчилик, тилемчиликке тартууну жасаган чет өлкөлүк жаран УБжКга ылайык жоопкерчиликке тартылат деген ченемди аныктоо.