17:30, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 24-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым желеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10...12°, күндүз 20...22° жылуу болот.