Улан Маматканов минкаб төрагасынын орун басары болуп дайындалды

15:51, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Маматканов Улан Эркинович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Фото

Маалымкат: Улан Маматканов 44 жашта. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Президентке караштуу Башкаруу академиясында билим алган.

Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде баштаган. Вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген, Эмгек министрлигинде жана Өкмөт аппаратында ар кандай кызматтарды аркалаган. Ар кайсы жылдары Президенттин аппаратында эксперт болуп эмгектенип, социалдык өнүктүрүү бөлүмүн жетектеген.

2021-жылдан бери Социалдык фонддун төрагасынын орун басары кызматын ээлеп келген.

 Эскерте кетсек, 9-апрелде мамлекет башчысы Садыр Жапаров Эдил Байсаловду Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.