Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь расмий сапар менен Кыргызстанга келет

15:22, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь 23-28-апрель күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Ал ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу КЭРдин Коргоо министрлиги билдирди.

Фото ММК. Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь расмий сапар менен Кыргызстанга келет

«КЭРдин коргоо министри Дун Цзюнь 23-28-апрель күндөрү кабыл алуучу тараптардын чакыруусу менен Россия жана Кыргызстанга келет, ошондой эле Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынына катышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эл аралык жана аймактык кырдаал, ошондой эле коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен жолугушууларды өткөрө тургандыгы такталды.