13:05, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда социалдык тармактардагы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кызуу талкуулардан улам, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкектеги менчик мектептердин окуу акысына мониторинг жүргүздү.
Мекеменин маалыматка ылайык, апрель айында 104 мектептин ичинен 45 мектеп изилденди.
Жыйынтыгында айрым мектептерде окуу төлөмү жылына 570 миң сомдон 1 млн 340 миң сомго чейин жетери, ал эми кээ биринде 40 миң —150 миң сомду түзөрү аныкталды.
Ошондой эле кызмат тарабынан мектептер жогорку окуу жайлар менен салыштырылган. Жалпысынан ЖОЖдордо окуу баасы 107 миңден 152 миң сомго жетет. Ал эми жеке мектептерде баалар 313 миң — 580 миң сомду түзөт.
Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан окуу төлөмүнүн өсүшүн чектөө, 200 миң сомдон жогору мектептерде өздүк наркты талдоо керектиги айтылды.
Мындан тышкары, төлөмдүн түзүмүн ачык жарыялап, билимге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу типтүү эрежелерди иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.