11:07, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев Кытай Эл Республикасынын Танспорт министринин орун басары Ли Ян жана автотранспорт делегациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда автотранспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Кытай, Россия жана Монголиянын ортосундагы Азия унаа жолдорунун тармагы боюнча эл аралык унаа ташуулары жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуу мүмкүнчүлүгүн карашты.
Ошондой эле, кыргыз жүк ташуучуларына Кытай Эл Республикасынын аймагында габаритсиз жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды берүү маселеси талкууланды.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын жеңил автоунааларынын Кытай Эл Республикасынын аймагына кирүүсү жана Кыргызстандын аймагында кытай таксилеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер да каралды.
Жыйында Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын ортосундагы эл аралык унаа каттамдары жөнүндө макулдашууга ылайык уруксат кагаздарынын бланктарын даярдоо маселеси да күн тартибинде болду.
Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Транспорт министрлигинин автотранспорт делегацияларынын кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүү боюнча сунуштар талкууланды.
Тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана эл аралык унаа ташууларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.