09:15, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбордук Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана ШКУнун алкагында аймактык коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, Адилет Орозбеков менен Голамхоссейн Ядегари Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алдыдагы 21-жыйынына көрүлгөн даярдыктарды талкуулашты.