09:00, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
1995-жылы ЮНЕСКОнун резолюциясынын негизинде 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп жарыяланган.
Бул күн дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктердин көзү өткөн күнү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.