Криштиану Роналду уулу менен бир командада ойношу мүмкүн

07:45, 23 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Португалиялык жылдыздын уулу «Аль-Насрдын» негизги курамына кириши ыктымал. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кийинки сезондо «Аль-Наср» клубу Криштиану Роналду-кенжесин негизги курамдагы оюнчулардын тизмесине кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Ал 2023-жылдан бери Сауд Арабиянын клубунда ойноп жаткан португалиялык жылдыз Криштиану Роналдунун уулу.

Июнь айында Криштиану Роналду-кенжеси 16 жашка толот. Буга чейин ал «Ювентус» жана «Аль-Насрдын» жаштар командаларында ойногон. Чабуулчу бул эки команда үчүн өткөргөн 50 беттеште 114 гол киргизген.

Эске салсак, 41 жаштагы Криштиану Роналду бул сезондо да «Аль-Насрдын» лидерлеринин бири бойдон калууда. Форвард Сауд Арабиясынын чемпионатында 25 оюн өткөрүп, 24 гол киргизди жана 2 натыйжалуу пас берди.