23-апрелге карата аба ырайы

17:30, 22 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 23-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23

Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 19...24

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21

Бишкек шаарында түнкүсүн 13...15°, күндүз 18...20° болот.