14:23, 22 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Май айындагы эс алуу күндөрүндө калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү калкты тейлөө борборлору саат 09:00дөн саат 18:00гө чейин жарандарга кызмат көрсөтөт. Мындай чечим калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.
Белгилей кетсек, буга чейин Эмгек министрлиги өлкө аймагында 1-майдан 10-майга чейин эс алуу күнү болорун билдирген.