Жогорку Кеңеш БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартууну колдоду

14:20, 22 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жана «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Талайбек Масабировдер болду.

Документке ылайык, БШК мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылат. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин оптималдаштырууга байланыштуу болууда.