Азия Кубогу −2027: Чучукулак тартуу аземи 9-майда өтөт

11:25, 22 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын катышуусунда өтө турган 2027-жылкы Азия Кубогунун тайпаларын аныктоо боюнча чүчүкулак тартуу аземи 9-май күнү болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Чүчүкулактагы себеттердин курамы төмөнкүдөй:

  • 1-себет: Сауд Арабиясы, Жапония, Иран, Корея Республикасы, Австралия, Өзбекстан
  • 2-себет: Катар, Ирак, Иордания, ОАЭ, Оман, Сирия
  • 3-себет: Бахрейн, Таиланд, Кытай, Палестина, Вьетнам, Тажикистан
  • 4-себет: Кыргызстан, Ливан же Йемен, Түндүк Корея, Индонезия, Кувейт, Сингапур

Себеттердин курамы 2026-жылдын 1-апрелинде жарыяланган ФИФА рейтингинин көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлдү.

Белгилей кетсек, Улуттук курама команда Азия биринчилигине өз тарыхында үчүнчү ирет катышат. Жалпысынан турнирге континенттин 24 командасы катышып, чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 6 тайпа түзүлөт.

2027-жылкы Азия Кубогу 7-январдан 5-февралга чейин Сауд Арабиясынын Эр-Рияд, Жидда жана Эль-Хубар шаарларында өтөт.