Жалпы республикалык тестирлөөгө 61 миң 412 адам катталды

08:22, 22 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө 61 миң 412 адам катталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигенен билдиришти.

Алардын ичинен:

  • 35 миң 535 абитуриент тестти кыргыз тилинде тапшыруу үчүн катталган;
  • 28 миң 993 абитуриент тестти орус тилинде тапшыруу үчүн катталган.
  • Маалыматтарын жибербегендердин саны — 3 миң 104.
  • Толук эмес толтурулган жана тактоону талап кылган арыздардын саны — 675.

Жалпы республикалык тестке каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлгөн.