17:39, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 22-апрелде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Ал эми Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт.
Абанынтемпературасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9... +14, күндүз +23... +28;
Талас жергесинде түнкүсүн +6... +11, күндүз +21... +26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12... +17, күндүз +23... +28;
Нарын аймагында түнкүсүн +1... +6, күндүз +14 .. +19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1... +6, күндүз +18... +23;
Бишкек шаарында түнкүсүн +10... +12, күндүз +25... +27 градус болот.