16:10, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкектин четиндеги Байтик айылынан «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына чейинки веложолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложолдун жалпы узундугу 13 чакырымды түзөт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча веложолдун 4 200 метр аралыгына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.
Ал эми учурда пландалган иштердин негизинде жолдун дагы 4 800 метр тилкесинде жер иштери аткарылып, куруу иштери бекитилген графикке ылайык уланып жатат.
Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана жарандардын активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.