14:38, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандыктар пландуу эмдөөдөн баш тартууну кыскартууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, КРнын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин өлкөдө 20 миңге чейин баш тартуу учурлары катталып келген.
«Баш тартуу көйгөйү дагы деле бар, бирок учурда алардын саны 15-17 миңге чейин түштү. Биз үчүн бир эле учурдун алдын алуу — чоң жеңиш. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, диний себептерден улам вакцинадан баш тарткандардын санын 30 пайызга азайтууга жетиштик. Бул ведомстволор аралык координациянын, диний коомчулуктун жана жергиликтүү бийлик органдарынын жардамы менен ишке ашты. Бирок бизди вакцинанын сапатына жана коопсуздугуна шектенүүдөн улам баш тарткандар кооптондурат. Калкка маалымат берүү багытында дагы көбүрөөк иштөө керек», — деди Гүлбара Ишенапысова.
Ал жарандарга кайрылып, алдын алуу эмдөөлөрүн өз убагында алууну суранды. Анткени эмдөө адам өмүрүн сактап калат.