«Бишкек» ЭЭАнын мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаров үй камагына чыгарылды

14:13, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) мурдагы директору Кудрет Тайчабаров камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына анын карындашы Адинай Марипова билдирди.

Фото Архивден алынды. Кудрет Тайчабаров

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Кудрет Тайчабаровго карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, материалдар борбор калаанын Ленин райондук сотуна өткөрүлгөн.

Кудрет Тайчабаров 2025-жылдын ноябрь айында кармалган

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча айып тагылган.

Өткөн жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо учурунда, БШК анын кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар деген маалыматтарга таянып, депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тарткан. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалым катына ылайык, сурак учурунда Кудрет Тайчабаров 2021-жылы борбор калаадагы «Blonder Pub» клубунда тартылган сүрөттө маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен бирге болгонун тастыктаган.

2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Кудрет Тайчабаров «Бишкек» ЭЭАнын жетекчилигине келген. Ал эми 2024-жылдын март айында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы болуп дайындалган.