13:17, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
20-апрелде Кара-Суу районунда болгон жол кырсыгынан каза тапкан төрт адам сөөк коюуга бара жатышкан. Окуянын чоо-жайын 24.kg басылмасына Ынтымак айыл өкмөтүнүн адиси Данияр Машаев билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун үчөө Ак-Терек, Жаңы-Арык жана Таш-Арык айылдарынын башчылары, ал эми төртүнчүсү аскер комиссариатынын кызматкери болгон. Алар 68, 64, 50 жана 49 жаштагы жарандар эле.
Маркумдар бир унаада Жаңы-Арыктан Кызыл-Суу айылына тажыяга бара жатышкан. Унаа жолдон чыгып кетип, Куршаб дарыясына кулап түшкөн. Бүгүн аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Милициядан билдиришкендей, учурда окуянын чоо-жайы такталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.