Барскоон — Бедел унаа жолуна 2 туннель, 50дөн ашык көпүрө курулат

12:50, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Барскоон — Бедел унаа жолун куруу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 туннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Барскоон — Бедел унаа жолуна 2 туннель, 50дөн ашык көпүрө курулат
  • № 1 тоннель (Сөөк) — жалпы узундугу 5 340 метр;
  • № 2 тоннель (Ашуу-Суу) — жалпы узундугу 3 788 метр:

Ал эми көпүрөлөр боюнча иштер учурда даярдык баскычында турат.

Ушу тапта объектте 557ге жакын кызматкер бетон заводдорунун, майдалоо-сорттоо комплекстеринин, карьерлердин, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулуш иштерин аткарышууда.

Белгилей кетсек, Барскоон — Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын 26-августунда башталган. Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту менен байланыштырат.