Бишкекте самбо боюнча эл аралык мелдеш аяктады

10:32, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 18-апрелден 19-апрелге чейин «Динамо» спорттук комплексинин базасында самбо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Иш-чара СССРдин самбо жана дзюдо боюнча спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, экстра-класстагы эл аралык категориядагы калыс Николай Михайловдун жаркын элесине арналды. Бул тууралуу Самбо федерациясы билдирди.

Фото
Ачылыш аземине Николай Михайловдун достору жана үзөңгүлөштөрү катышты: Самбо федерациясынын ардактуу президенти Нурлан Токоноев, самбо боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Хабибулла Анаркулов жана башкалар.

Мелдешке өлкөнүн аймактарынан келген 100дөн ашык жаш спортчу, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөрдүн командалары катышты. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери медалдар, дипломдор жана кубоктор менен сыйланышты.