10:14, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда бүгүн, 21-апрелде саат 9.17де жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун аймагында жайгашкан:
Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынан түштүк-чыгышты карай болжол менен 11 чакырым алыстыкта;
Нарын шаарынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым алыстыкта.
Жер астындагы силкинүүнүн магнитудасы 2,8 баллды түзүп, очогундагы күчү (интенсивдүүлүгү) 3 баллга жеткен.
Талды-Суу жана Өзгөрүш калктуу конуштарында жердин силкинүүсү болжол менен 3 баллга чейин сезилгени белгиленет.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.