Бишкекте 128 адамды кене чакты

10:09, 21 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кене чаккандыгы тууралуу 128 адам кайрылды.

Мекеменин маалыматы боюнча, алардын ичинен сегиз кишиге (төрт чоң адам жана төрт бала) кене энцефалитине каршы иммуноглобулин сайылган.

Жалпысынан кене энцефалитине каршы 189 адам эмдөөдөн өтсө, алардын бешөө ревакцинациядан (бир жылдан кийин кайра эмдөө) өттү.

Эмдөөгө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология, география, экология жана туризм факультеттеринин студенттери, «НУР Телеком» ЖЧКсынын жана Өзгөчө коркунучтуу карантиндик инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун кызматкерлери өтүштү.

Кене энцефалити — бул борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч вирустук инфекциялык оору. Инфекциянын негизги ташуучусу болуп жаратылыш очокторунда жашаган иксод кенелери эсептелет. Оорунун кесепеттери: толук айыгып кетүүдөн баштап, ден соолуктун майыптыкка же өлүмгө алып келүүчү оор бузулууларына чейин жетиши мүмкүн.

1. Жугуу жолдору:

  • Инфекцияланган (вирус ташыган) кене чакканда;
  • Кенени эзип салганда жана вирус жабыркаган тери аркылуу киргенде.

2. Оорунун негизги белгилери:

  • Дене табынын кескин көтөрүлүшү;
  • Баш оору;
  • Алсыздык, тез чарчоо;
  • Жүрөк айлануу, кусуу.

3. Алдын алуу чаралары:

  • Жаратылыш аймактарына чыкканда коргоочу кийимдерди кийүү (денеге тыгыз жабышкан, жеңдери узун);
  • Репелленттерди («Претикс», «Москитол», «ДЭФИ-антиклещ», «Гардекс-антиклещ», «КОМАРОФФ-антиклещ») колдонуу. Каражаттарды колдонуудан мурун нускамасы менен таанышуу зарыл;
  • Ар бир 1-2 саат сайын денени жана кийимди кылдат текшерип туруу.

4. Өзгөчө (спецификалык) алдын алуу:

Вакцинация — кене энцефалитинен коргонуунун эң натыйжалуу жолу. Ал эндемикалык очоктордо иштеген жана ал жакка бара турган айрым кесиптин ээлерине, ошондой эле КУУнун биология жана геология факультеттеринин студенттерине жасалат.

Иммуноглобулин — кене энцефалити боюнча кооптуу аймактарда кене чагып алгандыгына байланыштуу кайрылган адамдарга берилет.