17:30, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 21-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18;
Нарында түнкүсүн −1...+4, күндүз 17...22.
Бишкек шаарында түнкүсүн 7...9°, күндүз 24...26° жылуу болот.