УКМК: Тергөөчү 25 миң доллар талап кылууга шектелип кармалды

14:30, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери О.А.Ж. алдамчылык ишин токтотуу жана жаранды издөөдөн чыгаруу үчүн 25 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.

УКМКнын басма сөз кызматы . Тергөөчү 25 миң доллар талап кылууга шектелип кармалды

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тергөөчүгө карата бир айга камакка алуу чарасын тандады.

Учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.