Боом капчыгайында унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

13:40, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы тилкесинде 20-апрелден 30-апрелге чейин транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Боом капчыгайынын 130-чакырымында күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

«Кыргызавтожол-Түндүк» . Боом капчыгайында унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Айдоочулардан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, каттамды алдын ала пландап, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону суранышат.