Ош облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бишкекте камакка алынды

13:05, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана президенттин Ош облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов камакка алынды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Зиядин Жамалдинов 10-июнга чейин Тергөө абагына камалды.

Фото Архивден алынды. Зиядин Жамалдинов

Мурдагы аткаминерге уюшкан кылмыштуу топту каржылоо иши боюнча айып тагылууда.

Укук коргоо органдары тарабынан бул боюнча расмий билдирүүлөр азырынча айтыла элек.