Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды

12:19, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды. Алардын катарында блокадачылар жана концлагердин туткундары бар.  Ал эми 8 ардагер согуштун түздөн-түз катышуучусу болуп саналат.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек шаары — 4;
  • Чүй облусунун Жайыл району — 2;
  • Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.

Ошондой эле өлкөдө концлагерлердин 6 туткуну жашайт: алардын 4ү Бишкек шаарында, бирөөсү Жайыл районунда жана дагы бирөөсү Жалал-Абад шаарында.

Мындан сырткары, Ленинграддын 10 блокадачысы бар: 8и Бишкекте, бирөөсү Сокулук районунда жана бирөөсү Балыкчы шаарында.

Эске сала кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери (анын ичинде согуштун катышуучулары, блокадачылар жана туткундар) жашаган. Алардын 14ү согуштун түздөн-түз катышуучулары болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстандан фронтко 360 миңден ашык адам аттанган. Алардын ичинен 160 миңге жакыны үйүнө кайтпай калган.