Иран ШКУну саясий декларациялардан конкреттүү кадамдарга өтүүгө чакырат

10:05, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Иран Шанхай кызматташтык уюмун «америка-израиль терроризмине» каршы чечкиндүү аракеттерди көрүүгө чакырды. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тегерандын ШКУдагы туруктуу өкүлү Мохаммад Расул Жафари бирикмеге мүчө өлкөлөргө расмий кайрылуу жасады.

Иран ШКУдан АКШ менен Израилдин бир тараптуу саясатына жана агрессиялык аракеттерине каршы турууда саясий декларациялардан конкреттүү жана сезилерлик кадамдарга өтүүгө чакырды.

Ал Иран эл аралык укукту одоно бузуу катары баалаган акыркы окуяларга кеңири токтолду. Ошондой эле дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Израилдин АКШнын колдоосу менен Иранга жасаган түз аскердик чабуулун эске салды. Мохаммад Расул Жафари бул аракеттер өлкөнүн инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип, адам өлүмүнө алып келгенин баса белгилеген.

ШКУнун аткаруучу органдарынын реакциясы тууралуу маалымат берилген жок.

ШКУга Орусия, Кытай, Казакстан, Индия, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран жана Беларусь кирет.