07:54, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Белгилүү казак акыны жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Казакстандын Маданият министрлиги кабарлады.
Шаханов поэзияны жигердүү жарандык позиция менен айкалыштыра билген залкар ишмер катары сыпатталды. Анын чыгармалары тереңдиги, оригиналдуулугу жана адабиятка болсо жаңыча көз карашы менен айырмаланып келген.
Акын коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп, өлкөнүн тагдыры жөнүндө ачык айтып, адилеттүүлүктү коргоп келген. Анын Казакстандын маданиятына кошкон салымы өзү кеткенден кийин да маанилүү бойдон кала берет.
Мухтар Шаханов 1942-жылы Түштүк Казакстан облусунда туулган. Ал чыгармачылыгын аймактык гезиттерде кабарчы болуп иштеп жүргөндө баштаган. 1989-жылы СССРдин парламентине депутаты болуп шайланып, 1986-жылдагы Желтоксан окуяларына саясий баа берүү боюнча маселени алгачкылардан болуп көтөргөн. Казакстан эгемендик алган соң Нурсултан Назарбаевдин бийлигин сындап, казак коомундагы маселелерди ачык айтып келген.
Шаханов 1993-2003-жылдары Казакстандын Кыргызстандагы элчиси катары эмгектенген. Ал кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жакын чыгармачыл жана достук байланышта жүрүп, «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу жыйнакты жарыялашкан.