09:03, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай алдын ала божомолду синоптиктер билдиришти.
20-апрелде күн ала булуттуу болот. Түнкүсүн абанын температурасы +5°C чейин, күндүз +24°C чейин жылыйт.
21-апрелде түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү +8°C көрсөтсө, күндүз +27°C тегерегинде болушу күтүлөт.
22-апрелде түнкүсүн аз булуттуу жана +11°C болот. Күндүз күн бүркөлүп, бирок абанын температурасы +28°C чейин көтөрүлөт.