08:45, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:00дөн 24:00гө чейин Шабдан баатыр проспектиси — Хивинская көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн Ч. Валиханов көчөсүнө чейин) — Достоевский көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.
Суу «Тепличный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.