08:00, 20 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
23—24-апрель күндөрү Жалал-Абад облусундагы Манас шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Эл аралык «XVII КИТЕП FEST — 2026» китеп фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналат. Фестивалдын негизги максаты — улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана коомдо китеп окуу маданиятын өнүктүрүү.
Фестивалга Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн акын-жазуучулар, басмаканалардын өкүлдөрү, ошондой эле маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери катышат. Мындан тышкары, Кыргызстандын бардык аймактарынан — республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өкүлдөрү да катышат.
Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөлөрү,белгилүү акын-жазуучулар менен жолугушуулар, концерттик программалар, адабий конкурстар ,театрлаштырылган оюн-зооктор, китеп окууну жайылткан интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат
Ошондой эле китеп жумалыгынын алкагында республика боюнча бардык деңгээлдеги китепканаларда параллелдүү түрдө китеп фестивалдары жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.