16:46, 17 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Агартуу министрлигинин жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү 1-класстар үчүн даярдалган «Алиппе» окуу китептерин кабыл алышты.
Окуу китептери «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында басылып чыгып, жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган.
Жалпысынан 90 миң 380 нуска басылып чыгарылды жана өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына таратылат.
Эскерте кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу Кыргызстандагы окуу китептери жаңыртылып жатат.