15:13, 17 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотоновдун жетекчилиги астында Чоңдорго билим берүү күнү белгиленди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Моника Ленхард, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Айсулуу Мамашова жана Элдар Абакиров, DVV International жана Кыргыз Чоңдорго билим берүү ассоциациясынын жетекчилери жана билим берүү боюнча эксперттер катышты.
Жыйында Медер Чотонов маалыматтык технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан шартта чоңдордун билим алуусу жана кесиптик квалификациясын жогорулатуусу, жарандардын жаш курагына карабастан жумушка орношуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Кылым- жаша, кылым- оку дегендей, билим алуу эч качан кеч эмес. Ар бир жарандын тынымсыз окуп, өзүн өстүрүүсү мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн чоң ролду ойнойт», — деп белгиледи депутат Медер Чотонов.
Катышуучулар заман талабына жооп берген адистерди даярдоо, чоңдор үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана өмүр бою билим алуу принциптерин жайылтуу маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында бул тармакты өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттары жана ар кандай сыйлыктар тапшырылды.