Кыргызстанда эң жогорку маяна кен казууда, эң төмөнкү маяна маданият тармагында

14:45, 17 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айындагы маалыматына ылайык, өлкөдө эң жогорку айлык акы кен казуу тармагында, ал эми эң төмөнкү айлык маданият тармагында катталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Орточо айлык акылар:

  • Кен казуу тармагы — 86 миң 971 сом
  • Финансы — 83 миң 277 сом
  • Маалымат жана байланыш — 80 миң 277 сом
  • Өнөр жай — 68 миң 101 сом
  • Транспорт — 58 миң 657 сом
  • Илимий ишмердүүлүк — 58 миң 541 сом
  • Курулуш — 57 миң 472 сом
  • Соода — 55 миң 188 сом
  • Айыл чарба — 33 миң 813 сом
  • Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар — 30 миң 509 сом
  • Кызмат көрсөтүү — 29 миң 679 сом
  • Билим берүү — 27 миң 352 сом
  • Маданият — 27 миң 326 сом

Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматтарына 39 миң 373 жаран кайрылып, алардын 27 миң 427си эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу, кайра даярдоо жана кесип тандоо боюнча кеңеш алышкан.

Эмгек рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу максатында 2 039 жаран кесиптик окутууга жөнөтүлгөн.

Окутуу төмөнкү талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлөт: ашпозчу, тигүүчү, чач тарач, 1С билген бухгалтер, автоэлектрик, компьютер оператору, соода агенти, косметолог, маникюр чебери, массажист, визажист, котормочу, тери жана мех устасы, дизайнер, электр-газ ширетүүчү жана сантехник.

Ошондой эле убактылуу жумуш менен камсыз кылуу алкагында 1 миң 974 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылган.