Мирлан Жээнчороев мандат алды. БШК аны № 21 шайлоо округунда каттады

16:56, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Мирлан Жээнчороевди № 21 бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

Фото Интернеттен алынды

Эскерте кетсек, бул шайлоо округунан мурда шайланган депутат Кубанычбек Конгантиев мөөнөтүнөн мурда кеткен.

Кийинки талапкер Чыңгыз Айдарбеков болушу керек болчу, бирок ал бүгүн, 16-апрелде өз ыктыяры менен талапкерликтенбаш тартканын жарыялады.

Натыйжада мандат расмий түрдө талапкер катары катталган Мирлан Жээнчороевге берилди.