14:46, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундарына кайрылып, акыркы жылдары көлдү синтетикалык балык уулоочу торлордон тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, акыркы 5 жылдан бери ИИМдин, ӨКМдин жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей көл үстүндө иш алып барып, мыйзамсыз салынган торлорду тазалап келишет.
Президент жарандарды жаратылышты сактоого чакырып, тор салбоого жана Ысык-Көлдү кийинки муундарга таза бойдон өткөрүп берүүгө үндөдү. Ошондой эле ушундай эле абал Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычында да байкалып жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы синтетикалык торлорду өлкөгө алып келүүгө тыюу салынганын эске салып, бирок мурда алынып келинген торлордун көйгөйү дагы деле уланып жатканын айтты.
Ал эми жарандарда болгон мурдагы торлорду тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшыруу сунушталды.