13:06, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Балыкчы-Тоң жолунда өлүмгө алып келген оор жол кырсыгы болду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, даракка урунган.
Кырсык болгон жерден тартылган видео социалдык медиада таралууда. Видеодо каза болгондордун сөөктөрү көрсөтүлгөн. Каза болгондордун так саны азырынча белгисиз.
Учурда укук коргоо органдарынан расмий комментарий болгон эмес.