11:20, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Чыңгыз Айдарбеков мандатынан баш тарткандан кийин Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин депутаты болушу мүмкүн.
2025-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, кийинки талапкер болуп Мирлан Жеенчороев саналат. Ал 3 миң 324 добуш (8,34 пайыз) алган.
Буга чейин мандат Чыңгыз Айдарбековго өтүшү керек болчу, бирок ал ыктыярдуу түрдө андан баш тарткан.
Эми мандатты кимге берүү боюнча акыркы чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алат.