Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Даректер

08:45, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объекттерине ичүүчү суу берилбейт.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Лермонтов көчөсү — темир жол линиясы — Аламүдүн суусу — Чүй проспектиси;
  • Аламүдүн суусунан Жибек Жолу проспектисине чейин, Жибек Жолу проспектиси — Никитин туюк көчөсү;
  • Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Тери заводуна чейин;
  • Аламүдүн суусу менен түштүккө карай Чоң Чүй каналына чейин;
  • ЧЧКдан чыгышка карай Бакай-Ата жаңы конушуна чейин;
  • Лебединовка айылы: Калинин көчөсү, Лермонтов көчөсү аркылуу ЧЧКга чейин.
  • Белгиленгендей, суу берүү «ККСК» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.