Бүгүн Кыргызстанда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

08:02, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстандын Нарын облусунда 4,0 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөлөр бүгүн, 16-апрелде саат 5:57де катталды.

Жер титирөөнүн эпицентри Конорчок айылынан 18 чакырым, Чолок-Кайың айылынан 16 чакырым, Баетоводон 28 чакырым жана Нарын шаарынан 115 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү:

  • Конорчок жана Чолок-Кайың айылдарында — 3,5 балл;
  • Кош-Булак жана Жаңы-Тилек айылдарында — 3 балл;
  • Баетоводо — 3 балл болгон.